БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ош мэри Жеңишбек Токторбаев 17 жылдан бери көпүрө алдындагы вагондо жашаган үй-бүлөгө батир берди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Токторбаев бул бүлөнү шаар кыдырып жүргөндө көрүп, турак жайлуу кылууну убадалаган. Көп өтпөй 67 жаштагы Акболуш Эржигитовдун жубайы, кызы жана неберелери болуп, жалпы беш киши бир бөлмөлүү батирге көчүп келишти.
Калаа башчысы үйдүн кожоюнун иш менен камсыздай турганын да убада кылып, маселени кол алдындагыларга тапшырды.