ЧОЛПОН-АТА, 20-июл. — Sputnik. "Мейкин Азия" кадимки музыкалык форумдун алкагынан эбак эле чыккан. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов эл аралык фестивалдын ачылышында сүйлөп жатып билдирди.
Анын айтымында, иш-чара ачыктыктын, ар түрдүүлүктүн жана маданияттын биримдигинин символуна айланган. Мамкатчы музыкалык сынак маданий диалогду, өз ара түшүнүшүүнү, элдердин достугун бекемдеп эл аралык аренада татыктуу ордун ээлей алганын белгилеген.
“Бул фестиваль Азия менен Европанын таланттуу ырчыларын бириктирген маанилүү маданий окуя болуп калды. Ар бир өлкөнүн маданияты, искусствосу анын тарыхын, улуттук демин жана иденттүүлүгүн чагылдырып турат. Музыка — чеги жок дүйнө. Ал элдерди бириктирип, шыктандырат, достукту бекемдейт. Татаал учурда искусство тычтык, биримдик, гумандуулук сыяктуу баалуулуктарды эске салып турат”, — деди Иманкулов.
"Мейкин Азия" эл аралык музыкалык фестивалы Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жатат. Иш-чара 22-июлга чейин созулат. Ага Азия менен Европанын 25тей өлкөсүнөн келген артисттер катышат. Алардын арасында Казакстан, Түркия, Россия жана Кыргызстандын эстрада жылдыздары бар. Мындан тышкары, россиялык AY YOLA тобу, Армениядан ырчы Севак жана дүйнө жылдызы, казакстандык ырчы Димаш Кудайберген келет.