Бүгүн Ысык-Көлдүн жээгинде “Мейкин Азия” аталышындагы IV эл аралык музыкалык фестиваль башталып, салтанаттуу ачылышы өттү.
Маданият, маалымат жана жаштар иши министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев быйыл фестивалдын форматы да, масштабы да, географиясы да кеңейгенин белгиледи.
Азия менен Европанын 25тен ашуун өлкөсүнөн артисттер катыша турган иш-чара 22-июлда соңуна чыгат. Өнөрүн тартуулай тургандардын катарында Казакстан, Түркия, Россиядан келген ырчылар, ошондой эле Кыргызстандын эстрада жылдыздары бар.
Быйыл уюштуруучулар фестивалга саамалык киргизишкен. Элдин сүймөнчүгү боло турган өнөрпоз онлайн-добуш берүү аркылуу тандалмакчы.
Фестивалга конок катары россиялык AY YOLA тобу, 2013-жылы аталган сынактын баш байгесин алган казакстандык ырчы Димаш Кудайберген жана Армениядан ырчы Севак чакырылган.