БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Бийлик турак жайдын үлүштүк курулушуна жаңы талаптарды киргизүүнү көздөөдө. Өкмөттүн тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Аны даярдаган Курулуш жана архитектура министрлиги үлүштүк курулушта объектилерди сапатсыз куруу, өз убагында бүтүрбөй создуктуруу, алдамчылык жана башка көйгөйлөр үчүн жоопкерчилик каралбаганын белгилеген.
Мындан улам төмөнкүдөй талаптарды киргизүү сунушталууда:
курулуш компаниясы кварталдын жыйынтыгы боюнча 30 күндүн ичинде объект боюнча каржылык отчётту ыйгарым укуктуу органдарга жөнөтүүгө милдеттүү;
курулуштагы милдеттемелердин аткарылышын мониторингден өткөрүү сунушталууда. Бул куруучунун жоопкерчилигин жогорулатып, долбоордун сапатын жакшыртат (азыр жөн гана көзөмөл каралган, эми так тартипти иштеп чыгуу сунушталууда);
курулуштун ар бир этабы бүткөн соң банк объектинин каржылык камсыздалышын документ түрүндө тастыктоого тийиш болот.