БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. “Бала береке” программасы Кыргызстанда балдардын төрөлүүсүн 30-40 пайызга көбөйтөт деген ишеним бар. Бул тууралуу минкаб башчысынын орун басары Эдил Байсалов Ат-Башыга иш сапары менен барганда айтты.
Маалыматка ылайык, өкмөттүн мүчөсү 10 балалуу Мамбеталиевдердин үй-бүлөсүнө барып, “Бала береке” программасы тууралуу айтып берген.
Аталган программа 2026-жылдан тарта күчүнө кирип, тоолуу аймактарда төрөлгөн төртүнчү балага 100 миң сом, андан аркылары көбөйүп отуруп онунчу балага 2 миллион сом берилет. Максат — балдардын көбүрөөк төрөлүүсүнө шарт түзүү жана тоолуу, алыскы райондордогу бүлөлөрдү колдоо.
Байсалов бул демилге тоолуу аймактардагы төрөттү 30-40 пайызга көбөйтүшү мүмкүн деп эсептейт.