Батыш Россиянын Трамп койгон шартка берген жообунан чочуп турат

Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын койгон шартына Россия конфронтациялык мүнөздөгү жооп кайтарды. Бул тууралуу Telegraph жазды.
“Путиндин катаал саясатын жактагандардын жообу болуп көрбөгөндөй чорт болду”, — деп айтылат макалада.
Мындан тышкары, баяндамачылар Трамптын санкция киргизүү опузасына Москва фондунун оң динамика менен жооп беришине жана рублдин бекемделип жатканына нааразы болгон.
Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев Трамптын россиялык товарларга бажы алымын киргизүү ыктымалдыгы тууралуу билдирүүсүн театралдык ультиматум деп атап, ал “согушка ыктаган Европанын” көңүлүн калтырганын кошумчалаган.
Дүйшөмбү күнү АКШ президенти Москвага Киев менен эпке келүүсү үчүн 50 күн убакыт берерин жар салган. Эгер шарты аткарылбаса россиялык импортко 100 пайыздык тариф бекитип, Россиядан нефть, газ жана уран сатып алган өлкөлөргө кошумча бажы алымын киргизерин айткан.
Ошол эле учурда АКШ ЕБ менен Украинага америкалык курал-жарак жөнөтүүгө макулдашканын, ок-дарынын акысын Европа төлөй турганын белгилеген. Эми Киевге ракеталар эле эмес, Patriot батареялары да жөнөтүлмөкчү.
Кремлдин өкүлү Дмитрий Песков Трамптын планы кадимки бизнес экенин билдирген болчу. Анын айтымында, Европа согушту создуктурууну каалап, Украинага деп сатып ала турган курал-жаракка ири суммадагы акча сарптоого даяр. Анткен менен кимдин чөнтөгүнө күч келери азырынча белгисиз. Франция, Чехия, Италия жана Венгрия буга аралашуудан баш тартты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
ЖМК: Трамп убада кылган санкция Россияга эмес, Вашингтонго олуттуу зыян алып келет