Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Балдарыбыздын келечеги жок! АКШда Украинага жардамдын кесепети айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. АКШнын Республикалык партиясынын мүчөсү Маржори Тейлор Грин Украинага жардам берүүнү токтотуу сунушу колдоо таппай калгандан кийин Конгрессти сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Анын айтымында, "элдин салыгы Украинаны колдоого кетип жатат". Бул демилгени 76 республикачы гана колдоп, калган 141 республикачы менен 212 демократ "каршы" добуш берген.
Грин ошондой эле АКШнын 37 триллион долларлык мамлекеттик карызы өсүп жатканына, ал эми Украина НАТОнун мүчөсү болбогонуна карабай жардам улантылып жатканына нааразы болду.

“Балдарыбыздын келечеги жок. Анткени бир күнү өкмөт кулайт, бирок карыз балдарыбыздын мойнуна илинет. Американы согуштарга аралаштырбайлы деп үмүттөнгөн элек, бирок тескерисинче болуп жатат”, — деди ал.

Ал арада чет өлкөлөргө, анын ичинде Украинага берилчү 1,6 миллиард долларды кыскартуу сунушу да четке кагылды.
Буга чейин Дональд Трамп Украинага курал-жаракты НАТО өлкөлөрү аркылуу берүү схемасын сунуштап, бул план жакында ишке ашарын билдирген. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков бул жардам тынчтыкка эмес, согушту улантууга өбөлгө түзөрүн айтты.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинага жардамга берилген куралдардын сатылышына кимдер аралашканы айтылды