21-июлга карата аба ырайы

21-июлда республиканын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Дүйшөмбүдө нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда суунун деңгээли көтөрүлүп, сел жүрүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө 32…37, Таласта 30…35, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 34…39, Ысык-Көл жеринде 24…29, Нарын чөлкөмүндө 22…27 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 35…37, Ош шаарында 36…38 градуска чейин көтөрүлөт.
Адаттагыдан ысыгыраак болот. Августка карата аба ырайы