Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Россияда ата-энесинин камкордугусуз калган төрт бала Кыргызстанга кайтарылганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. Кичинекейлерди алып келүүдө министрлик менен Кыргызстандын Россиядагы элчилиги тыгыз иштеген. "Кайтарылган балдардын экөө жакын туугандарына берилсе, калган эки бөбөк Бишкектеги балдардын атайын мекемесине убактылуу жайгаштырылды. Министрлик алардын укуктарын, коопсуздугун жана социалдык коргоосун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө", — деп жазылат маалыматта. Министрлик чет өлкөлөрдө оор кырдаалда калган балдарды мекенге кайтаруу боюнча иштер улана тургандыгын кошумчалады.
Айыл чарба министрлиги Нарындагы мал чыгымдары боюнча түшүндүрмө берип, тиешелүү лабораториялык изилдөөлөр жугуштуу ылаң жоктугун көрсөткөнүн билдирди.Мындан сырткары, кээ бир чарбаларда миңден ашуун койлорду бир короого камап, туура эмес шартта багылган учурлар чыгымга алып келерин айтышты. "Тебеленди, тазалык эрежелеринин сакталбашы да чыгымга себеп болууда. Кээ бир учурларда өлгөн мал үчүн жоопкерчиликтен качуу максатында "ооруп өлдү" деген билдирүүлөр жасалууда", — деп билдиришти министрликтен. Малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу максатында Соң-Көл жайлоосунда көчмө ветеринардык аптека уюштурулган. Ушул тапта аталган аймактагы малдын абалы көзөмөлдө турганын кошумчалашты.
АКШ президенти Дональд Трамп мурдагы президент Барак Обаманы шайлоодо шылуундук жасаган деп айыптады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Трамп Truth Social тармагында АКШнын Чалгын кызматынын директору Тулси Габбарддын 2016-жылдагы шайлоого Россиянын кийлигишкени тууралуу маалымат жасалма болуп чыкканы боюнча билдирүүсүнө комментарий берди. "Жакында эле жогорку деңгээлде шайлоону бурмалоого аралашкандар аныкталды. Мындан улам Обаманы жана анын "бандиттерин" жоопко тартуу зарылдыгын адистердин тобу жакшы түшүндүрдү", — деди Трамп. Габбард жума күнү 2016-жылдагы шайлоого Россиянын кийлигишүүсү тууралуу дооматтар Барак Обаманын администрациясы тарабынан ойлоп табылганын далилдеген фактыларды жарыялады. Ага ылайык, ал кездеги президент Обаманын администрациясы ЦРУнун "Россиянын шайлоого кийлигишкенинин далили бар" деген жалган маалыматтарды ЖМКга таратып турган. Ошол эле маалда Москванын америкалык шайлоо системасын бузуу ниети да, мүмкүнчүлүгү да жок экенин көрсөткөн чалгын маалыматтарын жашырган.**Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа өлкөдө ок атышууну токтотууну жарыялады. Бул туурасында РИА Новости SANA агенттигине таянып билдирди. "Учурда өлкө башынан кыйын кырдаалдарды өткөрүп жатат. Сирия өз аймагынын биримдигин жана анын калкынын коопсуздугун сакташ үчүн улуттук, гуманитардык жоопкерчиликти эске алуу менен мамлекет жетекчилиги ок атышууну токтотууну жарыялайт", — деп жазылат президенттин администрациясынын маалыматында. Сирия бийлиги бардык аймактарда согуш отун тезирээк өчүрүүгө, карапайым калкты коргоого жана гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз жеткирүүгө чакырды. Ок атышуу тартибин үзгүлтүккө учуратуу өлкө эгемендигин бузуу катары каралары жана ага мыйзамдуу чаралар көрүлөрү айтылган. Өз кезегинде Сириянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Нур ад-Дин аль-Баба өлкөнүн түштүгүндөгү Сувейда провинциясына ички коопсуздук күчтөрүнүн жайгаштырылышы тууралуу билдирди.