Россияда ата-энесинин камкордугусуз калган 4 бала Кыргызстанга кайтарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти . Аларды мекенине кайтаруу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен тыгыз кызматташтыктын алкагында ишке ашты. Кайтарылган балдардын ичинен экөө жакын туугандарына өткөрүлдү, калган эки бала Бишкек шаарындагы адистештирилген балдар мекемесине убактылуу жайгаштырылды. Министрлик тарабынан бул балдардын укуктарын, коопсуздугун жана социалдык коргоосун камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө. Мекеме чет өлкөлөрдө оор кырдаалда калган жаш жарандарды коргоо жана мекенине кайтаруу боюнча иш-чараларды мындан ары да улантат жана бул багытта тиешелүү мамлекеттик жана эл аралык уюмдар менен кызматташтыгын бекемдөөнү улантарын кошумчалады.
Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөр арасында чекене сооданын көлөмүнүн өсүшү боюнча алдыга чыкты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында жарыяланган. Ушул жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча республикада бул жааттагы көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилдегисине караганда 22,8 пайызга өскөн. Кыргызстандан кийин Беларусь турат, анда чекене соода жүгүртүү 10,8 пайызга көбөйгөн. Үчүнчү орунга 7,3 пайыздык өсүш менен Армения чыкса, Казакстан 4,8 пайыздык жыйынтык менен төртүнчү орунда. Ал эми 3,2 пайыздык өсүш менен Россия бешинчи катарда турат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда техник-уруктандыруучуларга жасалма уруктандыруу үчүн 18 комплект жабдык тапшырды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдирди. Маалыматка ылайык, ар бир комплектте тоңдурулган урукту сактоочу идиштер, шприц-катетерлер, термостаттар жана башка керектүү шаймандар бар. Бакыт Төрөбаевдин айтымында, агрардык тармакты колдоо — мамлекеттин приоритеттеринин бири. Ошондуктан “Асыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү” долбооруна 1 миллиард 849 миллион сом, ал эми жасалма уруктандырууну өнүктүрүүгө 60 миллион сом бөлүнгөн. Бул каражатка 200 миңден ашык уй жана кунаажынды жасалма уруктандыруу пландалууда.Жасалма уруктандыруу тукум сапатын жакшыртып, чыгымдарды азайтып, малдын өндүрүмдүүлүгүн арттырып, оорулардын жайылышын алдын алууга өбөлгө түзөру айтылды.