Транспорт министри Зардалы айылына барчу жолдун курулушун текшерди. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Баткендин алыскы Зардалы айылына баруучу жолдун курулушун текшерди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, жолдун оңдоло турган жалпы тилкеси 18 чакырымды түзөт. Учурда зоону бургулоо, жардыруу жана чыйыр жол салуу жумуштары жасалып жатканы кошумчаланды.
Баткендин алыскы Зардалы айылына барчу жолдун курулушу

"Сыргабаев аткарылып жаткан жумуштарды өз убагында бүткөрүүнү, коопсуздук жана сапатка өзгөчө көңүл бурууну тапшырды", — деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, Садыр Жапаров былтыр Зардалыга https://sputnik.kg/20240929/zardaly-sadyr-zhaparov-sapar-kojgoj-1089090894.html барганында кыштакка баруучу жолду салуу башталарын айткан.
Белгилей кетсек, Зардалы — Баткен облусунун бийик тоолуу, жетүүгө кыйын зонадагы айылы. Аны башка айылдар менен жалгыз гана унаа жол туташтырат. Жол жыл сайын май-июнь айларында ачылып, кыш түшкөндө жүрүүгө мүмкүн болбой калат.
Садыр Жапаров Зардалы айылына тез жардам унаасын берди