Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Трамп убада кылган санкция Россияга эмес, Вашингтонго олуттуу зыян алып келет

Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Украина боюнча келишим түзүлбөсө АКШ президенти Дональд Трамптын Россияга каршы киргизем деген жаңы санкциялары Москвага эмес, Вашингтон менен Брюсселге олуттуу зыян келтирет. Бул тууралуу Франциянын Le Parisien гезити эксперттердин айтымына таянып жазганын РИА Новости билдирди.

"Санкциялар олуттуу зыянга кептеши ыктымал. Кесепети өтө оор болгондуктан америкалыктар буга барбайт деп ойлойм. Бул чара — чыныгы курал", — деген Euro Créative борборунун аналитиги Ульрих Бунат басылмага интервью берип жатып.

Эксперттин пикиринде, кезектеги санкциялардын механизми дүйнөлүк соодада кыйынчылыктарды жаратып, апаатка алып келет. Ошол себептен АКШ буга макул боло албайт.
Басылма Европанын санкцияларынын 18-пакети Россияга сокку урбастан, Евробиримдиктин өзүндөгү экономикалык кризисти гана тездетерин белгилеген.
Жогорку изилдөө институтунун (ICES) профессору Дэвид Туртри европалыктар Россияга таасир эте албай турганын, Россиянын экономикасын кыйратабыз деген убада алысты көрө албаган саясатчылардын кыялы экенин белгилеген.
Буга чейин АКШ президенти Россия 50 күндүн ичинде Украина менен тынчтык макулдашуусун түзүшү керектигин, болбосо россиялык товарларга 100 пайыздык бажы алымын, Россиядан нефть, газ, уран сатып алган мамлекеттерге кошумча санкция киргизерине "убада берген".
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль Трамптын жаңы билдирүүсү боюнча үн катты