Сириянын президенти өлкөдө ок атышуу токтотулганын жарыялады

Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Сириянын убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа өлкөдө ок атышууну токтотууну жарыялады. Бул туурасында РИА Новости SANA агенттигине таянып билдирди.
"Учурда өлкө башынан кыйын кырдаалдарды өткөрүп жатат. Сирия өз аймагынын биримдигин жана анын калкынын коопсуздугун сакташ үчүн улуттук, гуманитардык жоопкерчиликти эске алуу менен мамлекет жетекчилиги ок атышууну токтотууну жарыялайт", — деп жазылат президенттин администрациясынын маалыматында.
Сирия бийлиги бардык аймактарда согуш отун тезирээк өчүрүүгө, карапайым калкты коргоого жана гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз жеткирүүгө чакырды.
Ок атышуу тартибин үзгүлтүккө учуратуу өлкө эгемендигин бузуу катары каралары жана ага мыйзамдуу чаралар көрүлөрү айтылган.
Өз кезегинде Сириянын Ички иштер министрлигинин расмий өкүлү Нур ад-Дин аль-Баба өлкөнүн түштүгүндөгү Сувейда провинциясына ички коопсуздук күчтөрүнүн жайгаштырылышы тууралуу билдирди.
Жекшембиде Сириянын түштүгүндөгү Сувейдада друздар (өзүнчө этникалык диний топ болгон Жакынкы Чыгыштагы этноконфессиялык тайпа) жашаган конуштарга куралчан топтор чабуул коюп, ал жакты Дамаск менен байланыштырган автожол тосулганы тууралуу маалымат чыккан. Жай тургундардын коопсуздугу үчүн друздардын өзүн-өзү коргоо отряддары согушка кирген.
Сириянын Коргоону министрлигинин маалыматы боюнча, кагылышуу маалында 30дан ашуун адам каза таап, 100дөн ашууну жарадар болгон. Ошондой эле өкмөттүк күчтөрдүн 20дай аскери көз жумганы маалымдалган.
Сирия Израиль менен согушкандан коркпойт. Өлкө президенти үн катты