БИШКЕК,18-июл. — Sputnik. АКШнын Улуттук чалгындоо кызматынын директору Тулси Габбард Россия 2016-жылы Америкада өткөн шайлоого кийлигишкен деп айткан Барак Обаманын администрациясынын айыптоолорунун калп экендигине далилдерди жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.
"Габбард талашсыз далилдерди алып чыкты. Анда Дональд Трамп 2016-жылы шайлоодо Хиллари Клинтонду жеңип алгандан кийин Обама жана анын администрациясындагы улуттук коопсуздук боюнча аткаминерлер чалгындоо маалыматтарын жасалмалап, саясатташтырган. Мунун баары Трампка каршы көп жылдык төңкөрүштүн негизин түзүү үчүн жасалган", — деп айтылат маалыматта.
Мисалы, Обаманын администрациясы ЦРУда Москванын шайлоого кийлигишкендиги боюнча далилдер бар деп ЖМКларга жалган маалыматтарды берип турушкан.
"The Washington Post гезитинде дагы бир калп маалымат жарыяланган. Анда Борбордук чалгындоо кызматы Россия Трампка жардам берүү үчүн шайлоого кийлигишкен деген тыянакка келди деп жазылган. Азыр чалгындоолордо мындай тыянакты камтыган расмий маалыматтар жок", — деп айтылган материалда.
Муну менен катар эле Обаманын администрациясы чалгындоо маалыматтарында Москванын электрондук шайлоо системасына кийлигишүүгө ниети да, мүмкүнчүлүгү да болбогондугун жашырып койгон.
Батышта Россиянын дарегине карата түрдүү айыптоолор айтылып, бирок аны тастыктаган далилдер келтирилбейт. Москва мындай билдирүүлөрдү четке кагып, алардын баары негизсиз, далилсиз деп келет.