Министрлик Соң-Көлдөгү малдын өлүмү боюнча түшүндүрмө берди

Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Айыл чарба министрлиги Нарындагы мал чыгымдары боюнча түшүндүрмө берип, тиешелүү лабораториялык изилдөөлөр жугуштуу ылаң жоктугун көрсөткөнүн билдирди.

"Ошол жерлердеги ветеринардык адистердин айтканына таянсак, малдын кыштан көтөрөм болуп чыгышы, табигый (уулуу) чөптөрдү көтөрө албай калуусу жана мите курттардын таасири менен организм ууланып, айрым учурларда чыгымдарга алып келүүдө", — дешти министрликтен.

Мындан сырткары, кээ бир чарбаларда миңден ашуун койлорду бир короого камап, туура эмес шартта багылган учурлар чыгымга алып келерин айтышты.
"Тебеленди, тазалык эрежелеринин сакталбашы да чыгымга себеп болууда. Кээ бир учурларда өлгөн мал үчүн жоопкерчиликтен качуу максатында "ооруп өлдү" деген билдирүүлөр жасалууда", — деп билдиришти министрликтен.
Малчыларга ыкчам жардам көрсөтүү жана ветеринардык тейлөөнү жакшыртуу максатында Соң-Көл жайлоосунда көчмө ветеринардык аптека уюштурулган. Ушул тапта аталган аймактагы малдын абалы көзөмөлдө турганын кошумчалашты.
Жети-Өгүздүн Чым-Там жайлоосунда белгисиз жырткыч бир короо койду кырган. Видео