БИШКЕК,19-июл. — Sputnik. Бишкекте чет элдик жаран виртуалдык активдерин алмаштырам деп алданып калган. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.
Биринчи май РИИБине Ж.Ч. аттуу чет элдик кайрылып, виртуалдык активдерди алмаштыруу шылтоосу менен анын 1 млн. 200 000 сомго жакын акчасын алып алган белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнгөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен иш козголгон.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары виртуалдык эсептердин активдүү кодонуучулары, 35 жаштагы М.К. жана мурда соттолгон 34 жаштагы Т.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шаардык милиция учурда алардын ушул сыяктуу башка алдамчылык иштерине тиешеси бар экендиги такталып, кылмыштуу схеманын башка катышуучуларын аныктоо улантылып жатканын белгиледи.
ИИМ жарандарды виртуалдык активдер менен байланышкан бүтүмдөрдү түзүүдө сак болууга чакырды.