Москвада болгон КМШ экономикалык кеңешинин жыйынына Амангелдиев катышты

Sputnik
БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев жетектеген Кыргызстандын делегациясы КМШнын экономикалык кеңешинин Москвада өткөн 106-жыйынына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анда шериктештиктин алкагында экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болуп, соода-экономикалык байланыштарды тереңдетүүчү чаралар талкууланган.
Жыйын соңунда КМШнын алкагында кызматташууну мындан ары дагы чыңдоого багытталган бир катар чечимдерге кол коюлган.
Новиков КР менен РФ соодасындагы тоскоолдуктарды жоюу жолдорун сунуштады