Ташиев өлкөдөгү демографиялык абалды жакшыртууга кайрадан чакырык салды. Видео

Sputnik
БИШКЕК,19-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргызстандыктарды өлкөдөгү демографиялык абалды жакшыртууга кайрадан чакырды. Бул тууралуу ал Ысык-Көл облусунда чек арачылар үчүн курулган батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде айтты.

"Бала-чаканы көбөйтө бергиле. Мына, жаш келиндерибиз турат. Мен ар дайым келиндерибизге, кыздарыбызга кайрылып айтам, бала-чаканы көбөйткүлө. Балдарыбыз көп болсо, эл-журттун саны көп болсо чек аралар бүтүн болот. Мамлекетибиз жакшы корголот, күчтөнөт. Муну кээ бирлер тамаша катары кабыл алат, бирок мен чын жүрөгүмдөн айтам", — деген ал Ысык-Көлдө чек арачылардын үй-бүлөсү менен жолукканда.

УКМК төрагасы балдардын көбөйүшү үчүн мамлекет тарабынан да камкордуктар көрүлө баштаганын кошумчалады.
Көбүрөөк төрөгүлө! Ташиев УКМК кызматкерлеринин жубайларына кайрылды