БИШКЕК,19-июл. — Sputnik. Кыргызстан ЕАЭБ өлкөлөр арасында чекене сооданын көлөмүнүн өсүшү боюнча алдыга чыкты. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын сайтында жарыяланган.
Ушул жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча, республикада бул жааттагы көрсөткүч өткөн жылдын тиешелүү мезгилдегисине караганда 22,8 пайызга өскөн. Кыргызстандан кийин Беларусь турат, анда чекене соода жүгүртүү 10,8 пайызга көбөйгөн.
Үчүнчү орунга 7,3 пайыздык өсүш менен Армения чыкса, Казакстан 4,8 пайыздык жыйынтык менен төртүнчү орунда. Ал эми 3,2 пайыздык өсүш менен Россия бешинчи катарда турат.