БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Монголия президентинин мамлекеттик сапарына байланыштуу 20-21-июль күндөрү Бишкекте айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, автоунаа кыймылы "Манас" аэропортунан мамлекеттик резиденцияга чейинки жолдордо чектелет.
Бул коноктун келишине байланыштуу 21-22-23-июль күндөрү Ысык-Көлдүн айрым көчөлөрү да маал-маалы менен жабылып турары эскертилген.
ИИМ айдоочулардан жүрө турган жерлери алдын ала мерчемдеп алууну, жол эрежелерин сактап айдоону суранды. Бул иш-чаралардын өткөрүлүшүнө байланыштуу ички иштер органдарынын Бишкек гарнизонунун өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштей турганы кошумчаланды.
Эске салсак, өлкөгө 20-июлда мамлекеттик сапар менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух келип, өлкө башчы Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин спикери, министрлер кабинетинин төрагасы менен жолукмакчы.