Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргызстандыктарды өлкөдөгү демографиялык абалды жакшыртууга кайрадан чакырды. Бул тууралуу ал Ысык-Көл облусунда чек арачылар үчүн курулган батирлеринин ачкычын тапшыруу аземинде айтты."Бала-чаканы көбөйтө бергиле. Мына, жаш келиндерибиз турат. Мен ар дайым келиндерибизге, кыздарыбызга кайрылып айтам, бала-чаканы көбөйткүлө. Балдарыбыз көп болсо, эл-журттун саны көп болсо, чек аралар бүтүн болот. Мамлекетибиз жакшы корголот, күчтөнөт. Муну кээ бирлер тамаша катары кабыл алат, бирок мен чын жүрөгүмдөн айтам", — деген ал Ысык-Көлдө чек арачылардын үй-бүлөсү менен жолукканда. УКМК төрагасы балдардын көбөйүшү үчүн мамлекет тарабынан да камкордуктар көрүлө баштаганын кошумчалады.
Россиянын федералдык маанидеги Сириус аймагында Жаш окумуштуулардын V конгресси өтөт. Бул тууралуу Россотрудничество маалымдады. Иш-чара 26-28-ноябрь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандагы 39 жашка чейинки магистранттар, аспиранттар жана жогорку квалификациялуу адистер чакырылат. Конгрессте илимий жетишкендиктердин көргөзмөсү, тегерек столдор, сессиялар, талкуулар болору айтылды. Катышуучулардын тамак-ашы жана жатаканасы уюштуруучулардын эсебинен камсыздалат. Ал эми катышуучулар жол киресин төлөшү керек. Кыргызстандан 10 киши катыша алары айтылды.
Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттик жана “КиберКоом” ЖЧКсы жеке маалыматтарды коргоону тийиштүү деңгээлде камсыз кылууга, киберкоопсуздукту жогорулатууга жана санариптик чөйрөдө кесипкөй кадрларды өнүктүрүүгө багытталган кызматташтык жөнүндө vеморандумга кол коюшту. Кызматташуунун алкагында тараптар биргелешкен демилгелерди ишке ашыруу боюнча макулдашышты. Ага ылайык, маалыматтык коопсуздук инциденттерине өз убагында жооп кайтаруу; актуалдуу коркунучтар жөнүндө тажрыйба жана аналитикалык маалыматтар менен алмашуу; биргелешкен тренингдерди, форумдарды, конференцияларды жана окутуу иш-чараларын өткөрүү; коопсуздук стандарттарын жана калк арасындагы санариптик сабаттуулукту жайылтуу ишетри аткарылат. Бул кызматташтык мамлекеттик структуралар менен жеке сектордун ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөөдөгү маанилүү кадам болуп, жарандардын санариптик чөйрөдөгү коопсуздугу жана ишеними үчүн жасалууда.
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Германияда өтүп жаткан Дүйнөлүк универсиадада алтын медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ал 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүү боюнча мелдешке катышып, мыкты жыйынтык көрсөттү.