Жамалбек Ырсалиев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду

Sputnik
БИШКЕК,18-июл. — Sputnik. Бишкектин мурдагы вице-мэри Жамалбек Ырсалиев эч жакка чыкпоо тил катынын негизинде убактылуу кармоочу жайдан бошотулду. Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, мамлекетке келтирилген дээрлик үч миллион сомду, тагыраагы, 2 миллион 979 миң 889 сом төлөп бергенин УКМКдан кабарлашты.
Биринчи май райондук соту мунун негизинде Ырсалиевди жана аны менен чогуу кылмышка айыпталган В.Н.А. аттуу кишини да бошоткон.
Эске салсак, Ырсалиев В.Н.А. менен чогуу Туңгуч кичи районундагы №36 турак жайдын жанында алты жыл бою жеңил типтеги төрт коммерциялык объект жана бешке жакын балдар аттракционун органдардын уруксаты жок эле иштетип келгени үчүн кармалган. Мындан мамлекетке 2 миллион 979 миң 889 сом зыян келтирилгени айтылган эле.
Кармалган вице-мэрлердин кызматтары жоюлду