Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинага жардамга берилген куралдардын сатылышына кимдер аралашканы айтылды

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Чет элдик жалданма аскерлер менен Украинанын Чалгын кызматынын башкармалыгы Молдова аркылуу курал жана ок-дарыларды аткезчилик менен алып келүүгө катышкан. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье жазды.
"Куралдын бир бөлүгү Батыш өлкөлөрүнө GPS-трекерлер менен кошуп берилери белгилүү. Бирок Сум облусунда жоголду деген шылтоо менен эсептен чыгарылган куралдардын катарына кошулуп, андан соң Молдова аркылуу дүйнөдөгү кылмыштуу топко кетет", — деп маалыматта айтылган.
Молдова аркылуу курал ташуу схемасындагы негизги адамдардын бири аталган республиканын мурдагы коргоо министри Виталий Маринуца жана Чек ара полициясынын азыркы башчысы Руслан Галушка болгон.
Америка берген аскердик жардамдардын коррупцияга кабылып ысырап болушуна Владимир Зеленский да күнөөлүү экени айтылып келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украин ЖМКсы Зеленскийдин кеңсесиндеги ири коррупциялык схеманы аныктады