БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин атын жамынып 100 миң доллар алдап алган делип, 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, К.Ж.Ж. Туманбаев менен жакын мамиледе экенин айтып, "Көчмөн сити" турак жай комплексиндеги 18 блоктун курулушуна подряддык иштерге уруксат алып бере турганын убада кылып, 100 миң доллар алган.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Текшерүү учурунда шектүүнүн кеңсесинен 60 миң доллар жасалма акча табылып, ошондой эле Каныбек Туманбаевдин атына жасалма кайрылуулар алынган.
Иш козголуп, шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилгени кошумчаланды.
Атайын кызмат аталган жарандан жабыркагандар болсо 0312 62-05-85 номерине кайрылууну суранат.