БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. УКМК Бишкектеги жаңы оңдолгон жолдордун сапатын текшерип жатат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.
Атайын кызмат соңку учурда соцтармактарда Бишкектин жолдорун оңдоодогу кемчиликтерди көрсөткөн материалдар таркап жатканын белгилөөдө.
"2024-жылы шаардын негизги жолдорун оңдоо үчүн 1,38 миллиард сом өздөштүрүлгөн. 2025-жылга бюджеттен 5 миллиард сомго жакын каражат каралган. Бул болуп көрбөгөндөй каржылоо экенин белгилей кетүү керек. Мындан улам УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүргүзүлүп, аткарылган иштердин сапатын, көлөмүн жана бекитилген долбоордук-сметалык документтерге шайкештигин комплекстүү текшерүүгө багытталган тиешелүү экспертизалар дайындалды", — деп айтылат маалыматта.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча мыйзам бузуулар аныкталса күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылары кошумчаланды.