Жол эки саатка кыскарат. Төө-Ашуудагы альтернативдүү тоннелдин долбоору бекитилди

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Төө-Ашууда салына турган ири альтернативдик тоннелдин долбоору бекитилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы кол койгон.
Учурдагы 2,5 чакырым тоннелге альтернатива катары курула турган жаңы курулуштун узундугу 12 чакырым болушу мүмкүн. Ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми аркылуу курулат. Долбоорду "Тез Жол", "Кыргыз гидроатайынкурулуш", "Темирбетон Курулуш" жана "Нур Капитал" компанияларынан түзүлгөн консорциум ишке ашырат.
Учурдагы тоннель деңиз деңгээлинен 3 200 метр бийиктикте жайгашкан. Транспорт министрлигинин маалыматына караганда, жаңы тоннель 1000 метрге ылдыйраак болот.
Буга чейин жаңы маршрут серпантинди кыйгап өтүп, аралыкты 34 чакырымдан 11 чакырымга чейин кыскарта турганын, ал эми ашууну өтүү убактысы 2 сааттан 11 мүнөткө чейин түшөрү айтылган.
Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, тоннелдин курулушу 300 миллион долларга бааланууда. Акы төлөнүүчү объект 30 жыл ичинде чыгымын жапмакчы.
Төө-Ашуудагы тоннелдин эки жагы иретке келтирилип, айдоочуларга шарт түзүлөт