Салык кызматы: ашыкча же жаңылып төлөп алган акча онлайн кайтарылат. Жол-жобосу

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Салык кызматы ашыкча төлөнгөн салыктарды кайтаруу же чегерүү үчүн онлайн-сервисти ишке киргизгенин аталган ведомстводон билдиришти.
Эми эл салык мекемелерине барып убакыт коротпостон, салык жана камсыздандырууга төккөн ашыкча төлөмдү тез арада кайтарып же чегере аларын айтышты.
Көптөгөн жарандар каражаттарды туура эмес реквизиттерге жаңылып которуп алышат. Салыкты, камсыздандыруунун же башка акчаны ашыкча төлөп койгон учурлар болот.
Мурда мындай маселелерди чечүү үчүн салык органына жеке кайрылып, документтерди жеринде толтуруу керек болчу. Эми мекемеге барып документтерди толтуруп отурбай, аны чегерүү же кайтаруу жөнүндө арызды "Салык төлөөчүнүн жеке кабинети" аркылуу онлайн тапшырууга болот.
Мекемеден бул үчүн жеке кабинетте электрондук арызды толтуруу жетиштүү экенин жана ал оңой эле жасаларын айтышты.
"Айрым талааларды система автоматтык түрдө толтурат, ал эми колдонуучу тастыктоочу маалыматтарын киргизүүсү керек. Каражаттарды башка салыктардын эсебине чегерүү 10 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт, эсептешүү эсебине кайтаруу – бир айдын ичинде болот. Эгерде жаңылыш төлөм кайрадан багытталса, акча беш күндүн ичинде келип түшөт", — деп айтылган анда.
Арызды кантип толтуруу керектиги жөнүндө видеонускамалар "Салык сервис" мекемесинин социалдык баракчаларында жана Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтында жайгаштырылган.
Минералдык, газдалган сууларды милдеттүү маркалоо мөөнөтү 1-январга жылды