БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Төө-Ашуудагы тоннелдин айланасын иретке келтирүү иштери башталды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Подрядчы компаниянын техникасы жерди түздөп, аталган участокто аң-чɵнɵктөр жамалууда.
Бишкек — Ош жолундагы тоннелдин кире беришине автоунаалар үчүн токтоочу жайлар, эс алуу аймактары жана сүрөткɵ түшүү зоналары, ыңгайлуу шарттар менен даараткана куруу пландалууда.
Жол кыймылына ыңгайлуу шарт түзүү максатында күзгө чейин тоннелдин эки тарабы тең иретке келтирилип, асфальт төшөө иштери толук бүткөрүлмɵкчү.