Кыргызстандык жаш окумуштуулар Россиядагы "Сириус" конгрессине чакырылууда

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Россиянын федералдык маанидеги Сириус аймагында (Краснодар крайы) Жаш окумуштуулардын V конгресси өтөт. Бул тууралуу Россотрудничество маалымдады.
Иш-чара 26-28-ноябрь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандагы 39 жашка чейинки магистранттар, аспиранттар жана жогорку квалификациялуу адистер чакырылат.
Конгрессте илимий жетишкендиктердин көргөзмөсү, тегерек столдор, сессиялар, талкуулар болору айтылды. Катышуучулардын тамак-ашы жана жатаканасы уюштуруучулардын эсебинен камсыздалат. Ал эми катышуучулар жол киресин төлөшү керек.
Кыргызстандан 10 киши катыша алары айтылды. 25-июлга чейин rushousebishkek@yandex.ru дарегине "Жаш окумуштуулардын конгресси" деп багыштап, кат жөнөтүү керек. Арызда диплом, кыскача резюме, илимий кызыкчылыктар жана жарыяланган материалдар көрсөтүлүүгө тийиш.
Кулубаев: жарандарыбыздын Россияда мыйзамдуу жүрүшүнө абдан кызыкдарбыз