Монголия президентинин сапарына байланыштуу Ысык-Көлдө жол улам жабылып турат

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Монголиянын президентинин мамлекеттик сапарына байланыштуу Ысык-Көлдө жол маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, убактылуу чектөөлөр 21-22-23-июль күндөрү киргизилет.
Кайсы участоктор жабылары так айтылган эмес. Болжол менен чектөөлөр "Тамчы" аэропортунан Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүктө болушу ыктымал.
Эске салсак, өлкөгө 20-июлда мамлекеттик сапар менен Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух келет.
Кыргыз-тажик чек арасындагы дагы бир өткөрүү пунктунун иши жанданды