2018-жылдан 2024-жылга чейинки бүтүрүүчүлөрдүн маалыматы күбөлүк электрондук системасына киргизилген. Бул тууралуу Амангелди Сыдыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, быйыл мектептин 9-11-класстарын жалпы 215 миңден ашык бүтүрүүчү аяктаган.
"Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы чыкты, ага 56 160 абитуриент катышкан. Анын ичинде жогорку балл алган 54 абитуриенттин аты-жөнү жарыяланды. Эң жогорку упай топтогон абитуриент 242 баллга ээ болду", — деди Сыдыбаев.
Ал быйыл мектептик билим берүү системасы да санариптешип жатканын белгиледи.
"Агартуу министрлиги өткөн 2023-2024-окуу жылынан баштап электрондук система аркылуу аттестатты санариптештирүүнү баштаган. Ошол эле планды улай 2018-жылдан 2024-жылга чейинки бүтүрүүчүлөрдүн электрондук базасы күбөлүк электрондук системасына киргизилген. Быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн маалыматы да киргизилүүдө. Окуучулар тууралуу маалымат, предметтеринин баасы толугу менен электрондук базага камтылат. Мурунку жылдардан айырмаланып кенен мүмкүнчүлүктөр түзүлдү деп айтууга болот. Санариптештирүүнүн алкагында бүгүнкү күндө документти бүтүрүүчүлөр баасы менен толук даяр ала алышат. "Түндүк" тиркемеси аркылуу да документин чыгарып алса болот. Бүтүрүүчүлөрдүн да саны өскөнү байкалууда. Муну менен катар "Учкун" басмаканасы менен биргеликте кагаз документтери да даярдалды", — деди Сыдыбаев.
Ал азыр документин жоготуп алгандар көчүрмөсүн алуу үчүн мектепке эле кайрылса болорун кошумчалады.