Кыргыз мамлекеттик цирки 410 миң сомго жаныбарларын сатыкка койду

Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Абубакир Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирки жаныбарларын сатыкка койду. Тиешелүү жарлык "Эркин-Тоо" гезитинде жарыяланган.
Анда жаныбарлардын сатылуу себеби түшүндүрүлгөн эмес.
Сатыкка коюлган жаныбарлар:
4-5 жаштагы эки төө — 90 миң сомдон;
4 жаштагы эки топоз — 35 миң сомдон;
8 жаштагы эчки — 20 миң сом;
9 жаштагы чүткөр — 50 миң сом;
5 жаштагы енот — 50 миң сом;
5-6 жаштагы төрт — 10 миң сомдон.
Эске салсак, февралдан баштап Мамлекеттик цирк толугу менен өзүн-өзү каржылоого өткөрүлгөн.
Мамлекеттик цирк бир аптада 5,3 млн. сом пайда тапканы айтылды