БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. 1-июлдан тартып Чек ара кызматынын офицерлеринин айлыгы 20 миң сомго көтөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облусундагы Тамчы айылында чек арачыларга кызматтык батирлердин ачкычын тапшыруу аземинде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.
Анын айтымында, октябрь айында дагы башка категориядагы аскер кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт.
"Чек араны кайтаргандар үчүн татыктуу жашоо шартын түзүү — бул кызматка жана мамлекетке болгон ишенимди бекемдөө. Биз чек ара кызматынын ардактуу гана эмес, байгер турмушта жашашын камсыздоого умтулабыз", — деди Ташиев.
Бүгүн 51 чек арачы кызматтык батирдин ачкычын алды.