2025-жылдын 16-октябрында Алматынын Ritz-Carlton мейманканасында Борбор Азиянын кампа мүлкү сегментинде маанилүү окуя — Central Asia Warehouse Summit (CAWS) өтөт. Иш-чарада индустриялык девелопмент, ритейл, логистика жана инвестициянын келечегин, бул жааттагы чакырыктарды, ошондой эле бүгүнкү күндүн тренддерин талкуулоо үчүн эл аралык жана региондун эксперттеринин башы бирикмекчи.
Алматыдагы Central Asia Warehouse Summit (CAWS) саммити
© Фото / Пресс-служба IBC Global, организационный комитет CAWS
Кампа жана өндүрүш маселелерин чечкен First өндүрүш компаниясы — саммиттин башкы демөөрчүсү.
Сессиялардын демөөрчүлөрү:
Astron — темир конструкциядан жасалган имараттарды долбоорлоо жаатындагы европалык лидер;
SPARK — Казакстандын алдыңкы логистикалык компаниясы;
Griffin Partners — эл аралык девелопер, А классындагы кампалык кыймылсыз мүлктү куруу, инвестициялоо жана аны башкаруу менен алектенет;
INFOLine — саммиттин башкы аналитикалык өнөктөшү.
Сизди акыркы аналитика, курч маселелерди талкуулоо, Борбор Азия, КМШ жана алыскы чет өлкөлөрдөн келген рынок эксперттери жана кесипкөй адистер менен баарлашуу мүмкүнчүлүгү күтөт.
Алматыдагы Central Asia Warehouse Summit (CAWS) саммити
© Фото / Пресс-служба IBC Global, организационный комитет CAWS
Иш-чаранын программасы сайтында жеткиликтүү.
Биз Борбор Азия, Россия, КМШ мамлекеттериндеги ири ритейл-түйүндөрдүн өкүлдөрү жана алдыңкы чет элдик өндүрүүчүлөр болуп 200дөн ашуун конок чакырдык.
Алматыдагы Central Asia Warehouse Summit (CAWS) саммити
© Фото / Пресс-служба IBC Global, организационный комитет CAWS
Иш-чарага Kaspi, Ozon, Wildberries, Hoff, Lemana Pro, Yandex, Sport Master, Danone Nutricia Kazakhstan, Магнит, Magnum Cash & Carry, X5 Retail Group, Nestlé Food Kazakhstan, Unilever, Procter & Gamble, Gold Apple, LaModa, СДЭК, DPD , Apple City, Sulpak, Uzum жана башка ТОП-менеджерлердин келиши күтүлүүдө!
Былтыр саммитке 11 өлкөдөн 350дөн ашуун адам келген, быйыл да ушундай эле масштабда болору божомолдонуп жатат.
Алматыдагы Central Asia Warehouse Summit (CAWS) саммити
© Фото / Пресс-служба IBC Global, организационный комитет CAWS
Катышуучулар саммиттин www.caws.asia расмий сайтынан каттала алышат.
Иш-чараны уюштуруп жаткан IBC Global кампа кыймылсыз мүлкү тармагындагы толук циклдүү кесипкөй консультанттардын арасында лидер болуп саналат. Компания Борбор Азия, Закавказье жана Жакынкы Чыгыштын рынокторунда ийгиликтүү иштеп келет.
Материал коммерциялык негизде жарыяланган