БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине 72 автоунаа тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Касымалиев быйыл маданият тармагына 3 миллиард сом каралганын белгилеген.
"Маданият тармагынын жаңы унаалуу болушу – чоң кубаныч. Айрыкча алыскы райондордун маданият кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу транспорттун жеткиликтүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды. Жаңы автобустар китептерди, жабдууларды, адистерди өз убагында жеткирүүгө, көчмө концерттерди, көргөзмөлөрдү уюштурууга, маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүдө кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзөт деп ишенебиз", — деди минкаб төрагасы.
Алынган транспорттордун 15и чоң, 57си кичи автобус экени айтылып, 359 миллион сомго сатып алынганы кошумчаланды.