БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы тоо-лыжа базасы катары белгилүү "Ала-Тоо Резорт" аймагындагы жер тилкелер сатылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттиги билдирди.
Аукциондор 15-июлдан 18-июлга чейин жүрүп, жалпысы 14 лот коюлуп, 21 537 чарчы метр жер 472,5 миллион сомго сатылган.
© Фото / пресс-служба ГАУГИ
Жер тилкелери даяр долбоор менен кошо сатылып, учурда жолдорду жана канат жолун куруу иштери башталган.
Бул аймакта 3, 4 жана 5 жылдыздуу мейманканалар, VIP-коттедждер, этнотаунхаустар, ресторан, кафе жана башка коммерциялык объектилер курулушу керек. Жеңүүчүлөр үчүн негизги талап — объект эки жылдын ичинде пайдаланууга берилиши шарт.
Мамлекеттик агенттиктин маалыматына караганда, жакында дагы кошумча 35 лот аукционго коюлушу мүмкүн.