БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаменти өзүнүн кызматкерлерине жана дипломаттарга башка өлкөлөрдүн шайлоолоруна баа берүүгө тыюу салды. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье The Wall Street Journal басылмасына таянып жазды.
Мындай тескеме кечээ, 17-июлда, Кошмо Штаттардын бардык элчиликтерине жөнөтүлгөн.
"Чет мамлекеттердеги шайлоолор тууралуу комментарий берүү керек болгон учурда биз эми жеңген талапкерди кыска гана куттуктоо менен чектелебиз. Шайлоо процессинин таза же ачык өткөнү, мыйзамдуулугу же тийиштүү өлкөнүн демократиялык баалуулуктары тууралуу пикирлерден оолак болуу зарыл", — деп айтылган документте.