19-июлга карата аба ырайы

19-июлга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. 19-июль, ишембиде, тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +34...+39, Талас аймагында +33...+38, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көлдө +28...+33, Нарын өрөөнүндө +27...+32 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +37…+39, Ош шаарында +35...+37 градуска көтөрүлөт.
Төө-Ашуудагы тоннелдин эки жагы иретке келтирилип, айдоочуларга шарт түзүлөт