Кыргыз күрөшү дүйнөнү дүңгүрөтүп жатат — Казандагы дүйнө чемпионаты кандай өттү?

Sputnik
Татарстандын Казань шаарында кыргыз күрөшү боюнча III Дүйнө чемпионаты өтүп, 29 өлкөдөн 300гө жакын балбан катышты. Кыргызстандын улуттук курама командасы тогуз алтын, бир коло медаль жеңип, командалык эсепте биринчи орунду камсыздады. Мындан тышкары, Москва шаарында Кыргыз күрөшү боюнча ири эл аралык мелдеш өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды. Россиядагы дүйнө чемпионаты, эл аралык байланыш, кыргыз күрөшүнүн дүйнөгө таанылышы боюнча Кыргыз күрөшү эл аралык федерациясынын президенти Рыскелди Шамиев маек курду.