Эдил Байсалов Жумгалдагы соцобъекттердин абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.Маалыматка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жумгал районундагы бир катар социалдык объектилерди кыдырды. Анын алкагында Байзак айылындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Курулуш объекти менен таанышып чыккан Эдил Байсалов курулуш иштеринин мөөнөттөрүн жана сапатын так сактоо зарылдыгын белгилеп, мектепке чейинки билим берүү жана балдар үчүн жеткиликтүү инфраструктураны түзүү аймактарды узак мөөнөттүү өнүктүрүүнүн маанилүү компоненти экенин белгиледи.Ошондой эле Эдил Байсалов Калык Акиев атындагы Жумгал музыкалык драма театрынын имаратын көрүп чыгып, райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун учурдагы абалы менен таанышты. Ал белгилегендей, маданий жана саламаттык сактоо мекемелери жергиликтүү калктын турмушунда негизги орунду ээлеп, мамлекеттин көңүл борборунда болот. Объекттердин курулушунун иши менен таанышуунун жыйынтыгында жергиликтүү бийлик органдарына жана тиешелүү министрликтерге бир катар тапшырмалар берилди.
Минскте кыргыз-беларусь кызматташтыгы талкууланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Беларустун борбор шаары Минскте Кыргызстандын элчиси Эрбол Султанбаев Беларустун тышкы иштер министринин орун басары Павел Утюпин менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Беларустун ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин жана Евразиялык экономикалык биримдиктин өкмөт башчыларынын сентябрь айынын аягына пландаштырылган жолугушууларынын алкагында боло турган иш-чараларга даярдыктарды кеңири талкуулашты.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевдин атын жамынып 100 миң доллар алдап алган делип, 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, кармалган адам Туманбаев менен жакын мамиледе экенин айтып, "Көчмөн сити" турак жай комплексиндеги 18 блоктун курулушуна подряддык иштерге уруксат алып бере турганын убада кылып, 100 миң доллар алган.Текшерүү учурунда шектүүнүн кеңсесинен 60 миң доллар жасалма акча табылып, ошондой эле Каныбек Туманбаевдин атына жасалма кайрылуулар алынган.
АКШ президенти Дональд Трамптын Украина боюнча саясатынын өзгөрүшү да фронттогу абалды өзгөртө албайт. Бул тууралуу франциялык Le Monde гезити жазганын РИА Новости кабарлады. "Трамптын Украинага мамилеси өзгөргөн күндө да ушу тапта кырдаалга эч кандай таасир эте албайт", — деп айтылат макалада. Гезит Вашингтондун Москвага кысым көрсөтө турган рычагы бар экенинен күмөн саноодо. Авторлор "мааниси түшүнүксүз" санкциялар да Россиянын чечим кабыл алуусуна таасир эте албастыгы белгиленген.Эскерте кетсек, дүйшөмбү күнү АКШ лидери Москвага Киев менен келишүүсү үчүн 50 күндүк убакыт берген. Эгер шарты аткарылбаса Россиядан барган товарларга 100 пайыздык тариф киргизип, андан нефть, газ, уран сатып алган өлкөлөргө кошумча бажы алымын чегерерин айткан.