Өлкөдө майыптыгы бар адамдарга санаторийде дарыланууга акчалай компенсация сунушталууда — кандай артыкчылыктары бар?

Sputnik
Өлкөдө майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга берилүүчүжолдомолордун ордуна акчалай компенсация төлөп берүү сунушталды. Тиешелүү өкмөттүк токтом долбоору коомдук талкууга коюлду. Жолдомунун ордуна акчалай төлөп берүүдө бейтаптар санаториялык-курортторду тандоо укугуна ээ болушат. Тактап айтканда оорусунун түрүнө жараша дарыланууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Бүгүнкү күндө майыптыгы бар жарандар үчүн жолдомолор "Мамлекеттик сатып алуулар" мыйзамынын негизинде жыл сайын тендер аркылуу сатып алат. Ага санаторийлер өз эрки менен катышат. Майыптыгы бар адамдарга санаториялык-курорттук дарыланууга жолдомолорду берүүгө эки же үч гана санаторий катышып, жылына 4 000ге жакын жаранга жолдомо берилерин Эмгек министрлигинин майыптыгы бар жана улгайган жарандарга чечимдерди даярдоо башкармалыгынын башкы адиси Адилет Худайбердиева маалымдады.