Өлкөдө жатын рагынан кийин эле ашказан, ичеги залал шишиги жогорку көрсөткүчтө турат. Буга биринчи эле себеп биздин туура эмес тамактанганыбызда, дейт онколог. Ошондой эле кыргызстандыктар алдын ала текшерилип турууга көңүл бурбагандыктан көбүнесе оору өтүшүп кеткен учурда дарыгерлерге кайрылышат. Мунун кесепети оор операциялар, химиялык дарылоолор жана айрым учурда өлүм менен аяктатйт. Медиктер калктын маданиятына кайрадан мурдагыдай кылып саламаттыгын жыл сайын алдын – ала текшерүүдөн өткөрүп турууну киргизүү зарылдын белгилешет.
Бүгүнкү “Күн башат” уктуруусунда биз залал шишигинин алдын алуу, элдик табыпчылыктын аталган илдетти айыктыруудагы таасири жана башка ооруну болтурбоо багытында медицина эмне дээрине кызыктык.