Радио

Карамолдоев: Такыр-Төр көлүнүн жырылышына климаттын өзгөрүүсү себеп

Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунун илимий кызматкери Жумакадыр Карамолдоев глобалдык климаттын өзгөрүүсү тоодогу тынч көлдөрдү коркунучка айландырганын айтты.
Sputnik
Соңку 100 жылда дүйнөдө климат 2 градуска жылыды. Температура улам көтөрүлүп, чопо таштарды бириктирип турган муздар эрип, тоодогу айрым көлдөрдө жырылып кетүү кооптуулугу жаралды. Бул тууралуу Жумакадыр Карамолдоев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Такыр-Төр көлүнүн жырылуусу да ушул нерсеге байланыштуу.
"Климаттын өзүнүн кайталанып туруучу 11 жылдык же 111 жылдык сыяктуу циклдери болот. Соңку 50 жылдан бери күн улам ысып жатат. Бул — күтүлүп эле жаткан нерсе, табигый кубулуш. Соңку 100 жылда дүйнөдө климат 2 градуска жылыды. Бул көрсөткүч Кыргызстанда 1,64 градусту түздү. Бул бир-эки күндүк кесепет эмес. Күн жылып, температура улам жогорулап отуруп бөгөлмөлөрдү талкалап жатат. Такыр-Төр көлүн алсак, температура көтөрүлүп, чопо таштарды бириктирип турган муз эрип кетип, ушундан улам жырылып түштү. Өлкөдө эки миңден ашык көл бар. Арасынан ушундай жырылып кетүү коркунучу бар көлдөргө байкоо жүргүзүү керек. Бул маселе бизге эле эмес, жалпы планетага тиешелүү", — деди Карамолдоев.
Ошондой эле ал сактануунун эң эффективдүү жолу жырылуу коркунучу бар көлдөргө тыкыр көзөмөл жүргүзүү жана өз убагында элге маалымат берүү экенин кошумчалады.