БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Сирия Израиль менен согушкандан коркпойт жана кармашканга даяр экенин аталган өлкөнүн убактылуу президенти Ахмед аш-Шараа айтканын Reuters жазды.
16-июлда Израиль сириялык армиянын башкы штабы менен президенттин Дамаскидеги кан сарайынын тегерегин аткылаган. Израиль армиясы Сирия менен чектешкен жерлерде күчтөрдү арбытып, бекемдөөнү чечкен. Бир суткада өлкөнүн түштүгүндөгү танкаларды, ракеталык түзүмдөрдү жана пикаптарды аткылаган. Дамаск шаарында бир киши каза таап, 18ге чукулу жаракат алган.
Тель-Авив мурдараак эгерде сириялык күчтөр друздарга ( өзүнчө этникалык диний топ болгон Жакынкы Чыгыштагы этноконфессиялык тайпа) чабуул жасоону токтотпосо "жанды көзгө көрсөткөн сокку" урарын айтып коркуткан эле.