БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Москва аймагына Киевдеги куралдар менен чабуул жасоого жол берген өлкөлөрдүн аскердик объектилерине каршы курал колдонууга өзүн укуктуу деп эсептейт. Бул туурасында РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтканын РИА Новости жазды.
"Россия киевдик куралдар менен чабуул жасоого (алыс аралыкка — ред.) жол берген өлкөлөрдүн аскерий объектилерине каршы курал колдонууга өзүн укуктуу деп эсептейт. Чатак мындан да ырбап кете турган болсо чечкиндүү жооп беребиз", — деген Захарова брифингде.
Ал алыска атылуучу ракеталарды Украинанын армиясы өз алдында колдонбостугун, кандай болгон күндө да сырттан адистер кол кабыш кыларын белгиледи.
"Алыс аралыктагы системаларды аталган өлкөлөрдүн аскерий адистерисиз колдонуу мүмкүн эмес... Демек, эгерде аталган Taurus ракеталары же алардын башка аталыштагы түрлөрү колдонулса, анда Германиянын аскер кызматкерлери биздин өлкөгө каршы аскердик операцияларды пландаштырууга жана баштоого түздөн-түз катышкан болуп эсептелет", — деп белгиледи ал.
Анткен менен АКШ президенти Дональд Трамп шейшемби күнү Украинага ыраакка атылуучу ракета берилбей турганын айтты.
Россия Украинага Батыштын курал-жарак берүүсү кырдаалды жөнгө салбастыгын жана НАТО өлкөлөрүн чатакка катыштырып "от менен ойноп" жатканын улам кайталап келет. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Украинага делген жүктүн бардык түрү Россия үчүн мыйзамдуу бутага айланарын эскерткен.