Москвада "Ысык-Көлдүн жээгине саякат" аталышындагы көргөзмө ачылды. Видео

Москвада "Ысык-Көлдүн жээгине саякат" аталышындагы көргөзмө ачылды. Анда Чыгыш мамлекеттик музейи чогулткан 50дөн ашуун экспонат бар. Долбоор ХХ кылымдагы сүрөт искусствосуна арналган.
Sputnik
Аны европалык сүрөтчүлөрдүн байыркы гравюралары, Маржани фондунан алынган "СССР элдери" сериясынын открыткалары толуктап турат.
Коноктор көркөм сүрөт искусствосунун ар муундагы өкүлдөрү Семен Чуйков, Гапар Айтиев, Жамбул Жумабаев, Догдурбек Нургазиев жана Шаарбек Аманкуловдун эмгектерине күбө боло алышат.
Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев кыргыз-орус достугун жана кызматташуусун бекемдөөчү орчундуу окуя экенин белгиледи.
"Кыргызстан менен Россия — стратегиялык өнөктөштөр, союздаштар. Россиянын, Чыгыш мамлекеттик музейинин кыргыз сүрөт искусствосуна арнап атайын көргөзмө ачышы чоң мааниге ээ. Россия тарапка ыраазычылык билдирем", — деди элчи.
Чыгыш мамлекеттик музейинин директорунун орун басары Илья Зайцев улуттук живопись мектебинин эки чыгаан өкүлүн белгиледи.
"Бул — Бишкектеги Кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейине аты берилген Гапар Айтиевич Айтиев, живопистин академиги. Анан Семен Афанасьевич Чуйков. Алма-Атада атактуу сүрөтчү Хлудовдон окуган. Бирөө кыргыз, экинчиси орус, экөө тең ХХ кылымдагы кыргыз искусствосунун табиятын мыкты ачып бере алышкан", — деди Зайцев.
Иш-чара 12-октябрга чейин уланат.
Тема боюнча:
Чолпон-Ата 2025-2026-жылдарда ШКУнун туристтик жана маданий борбору болот
Ысык-Көлдө 51 өлкөнүн өнөрпоздорун чогулткан "Рух Санат" фестивалы өтөт