Өлкөгө Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух келет

Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. Кыргызстанга Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүм башчысы Сагынбек Абдумуталип билдирди.
Маалыматка ылайык, визит 20-июлда башталмакчы.
"Сапардын алкагында Ухнаагийн Хурэлсухтун президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жана министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылган. Кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган документтердин топтомуна кол коюу мерчемделүүдө", — деди Абдумуталип.
Мындан тышкары, сапардын алкагында кыргыз-монгол бизнес-форуму, ошондой эле эки өлкөнүн искусство ишмерлеринин катышуусунда концерт өткөрүү пландалганы кошумчаланды.
Кыргыз-тажик чек арасындагы дагы бир өткөрүү пунктунун иши жанданды