Ташиев депутаттыкка да, президенттикке да барбасын дагы бир жолу айтты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев депутаттыкка да, президенттикке да талапкерлигин койбостугун айтты.
Ташиев кечээ Сокулукту кыдырып жүргөндө айрымдардын "шайлоого даярданып жатат" дегенине жооп берди.
"Мен бул жерде бирөөгө көрүнөйүн деп жүргөн жокмун. Президенттин тапшырмасы менен жүрөм. Айрымдар "шайлоого даярданып жатат" деп жатышат. Дагы бир жолу айтып коеюн, мага эч кандай шайлоонун кереги жок. Депутаттыкка да, президенттикке да талапкерлигимди койбойм", — деген Ташиев.
Буга чейин да УКМК башчысы кийинки президенттик шайлоого катышпай турганын, президент Садыр Жапаровду толук колдоорун, ал эми анын азыркыдан тышкары дагы эки мөөнөткө барууга укугу бар экенин айткан.
Коррупционерди кызматка алгансыз. Ташиев Бишкек мэрин зекиди