Таза кийинип, соттолбошу керек. ИИМ такси айдоочуларына карата эреже иштеп чыкты

Sputnik
БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. ИИМ такси кызматына карата талаптарды иштеп чыгып, токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документ жолдогу коопсуздукту жогорулатуу, такси жана автобустар менен кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу максатын көздөй турганы айтылган.
Токтом долбоорунун урунттуу учурлары:
оң рулдуу унаа менен коммерциялык негизде жүргүнчү жана жүк ташууга тыюу салынат;
таксилерде таксометр орнотулуп, заказдар үчүн интернет-платформалар же мобилдик тиркемелер колдонулат;
лицензия алуу үчүн айдоочунун үч жылдан кем эмес тажрыйбасы, камсыздандыруу полиси, техникалык жана медициналык кароо жана соттолбогондугу боюнча маалым каттары болушу керек;
таксиде айдоочунун аты-жөнү, унаанын маалыматы жана лицензия номери көрсөтүлгөн табличка болушу керек. Айдоочулар таза жана тыкан кийиниши шарт;
эгер жүргүнчү документтерин, акчасын же жеке буюмдарын унаага унутуп калса, айдоочу бул тууралуу ошол эле кардарга же диспетчердик кызматка билдирүүгө тийиш.
20-февралда Cадыр Жапаров таксилердин ишин лицензиялоо боюнча мыйзамга кол койгон. Документ 20-августтан кийин күчүнө кирет.
ИИМ таксисттерди лицензия алууга милдеттендирет. Мыйзам долбоорундагы талаптар