БИШКЕК, 17-июл. — Sputnik. 18-июль, жума күнү, республиканын аймагында күн ачык болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул туурасында Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө +34...+39, Талас аймагында +33...+38, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +34...+39, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +27...+32 градус болот.
Күндүн табы борбор калаада +37…+39, Ош шаарында +36...+38 градуска көтөрүлөт.